Хамас: "Израилдин Газадагы ооруканага кол салуусунун жооптуусу АКШ"

Израилдин Газадагы Аль-Ахли ооруканасына жасаган чабуулунун натыйжасында 500 кишинин каза болгондугу кабарланган.

2052483
Хамас: "Израилдин Газадагы ооруканага кол салуусунун жооптуусу АКШ"

Хамастын саясий бюросунун башчысы Исмаил Хания, Израилдин Газадагы Аль-Ахли баптист ооруканасына жасаган кол салуусу үчүн АКШны күнөөлөдү.

Хания жарыялаган видео кайрылуусунда: «Израильдин бул бомбалоосу душмандын ырайымсыздыгын жана каршылык көрсөтүүлөр алдында жеңилгенин далилдеген кыргын»,- деди.

«Израилдин Газадагы Аль-Ахли баптист ооруканасына жасаган кол салуусунун жооптуусу АКШ» деген Хания: «Бул кыргын, сионисттердин Палестинаны басып алгандан бери жасаган кыргындарынын бири. Булардын түшүнүгү ушул. Кыргындарды жасоо алардын өзгөчөлүгү»,-деп айтты.

Израилдин баалуулуктарды, үрп-адаттарды жана мыйзамдарды урматтабаганын белгилеген Хания, чиркөөлөргө, мечиттерге жана ооруканаларга кол салган душманды жана анын кыргындарын айыптабагандардын бул кыргын жана геноциддин жооптуусу экенин белгиледи.

Басып алуу аяктаганга чейин каршылык көрсөтүүнүн улана турганын баса белгилеген Хания, Палестина элин бардык шаарларда жана бардык көчөлөрдө, өзгөчө Батыш Шериадагы баскынчыларга жана отурукташкандарга каршы турууга чакырды.

Израилдин Газадагы Аль-Ахли баптист ооруканасына жасаган чабуулунун натыйжасында 500 кишинин каза болгондугу кабарланган.



Тектеш кабарлар