Газага карата кол салуулар

Израиль армиясы түнү менен Газа тилкесинин ар кайсы жерлерин абадан бомбалоону улантты жана  2778 киши каза болуп, 10 миңден ашуун киши жаракат алды.

2051844
Газага карата кол салуулар

Хамастын аскердик канаты Иззеддин ал-Кассам бригадаларынын 7 – октябрь күнү эрте менен Израилге карата баштаган «Акса топону» деп аталган кеңири кол салуусунан кийин палестиналык топтор менен Израилдин ортосундагы кагылышуу 11 - күнүнө кирди.

Израиль армиясы түнү менен Газа тилкесинин ар кайсы жерлерин абадан бомбалоону улантты жана  2778 киши каза болуп, 10 миңден ашуун киши жаракат алды.

Газадагы медициналык булактардан алынган маалыматка караганда Хан Юнус аймагын бутага алган абадан кол салуудан кийин көп сандаган жаралуу Насер медициналык комплексине жеткирилди.

Палестинанын WAFA маалымат агенттиги Израилдин Газа тилкесине аскердик учактар, кемелер жана артиллерия менен кол салууларынын түнү да уланганын билдирди. Буга ылайык Израилдин согуштук учактарынын Рефах аймагындагы кол салууларында каза болгондор жана жаралангандар болду. Шаардын батышындагы Римал районунда бир үйдүн бомбаланышы менен 8 киши каза болду. Наблус шаарына жасалган рейдде да каза болгондор бар.

Окуяга күбө болгондор да Дейр ал-Белах аймагындагы бир үйгө жасалган кол салууда арасында балдар да болгон 7 палестиналыктын каза болгонун, 12 палестиналыктын жараланганын кабарлашты.

Нусайрат жана Шати качкындар лагерлери да түн ичинде Израилдин аскердик учактары тарабынан бомбаланды.

Ушундайча 7 - октябрдан бери Батыш Шериада Израиль аскерлери менен жөөт отурукташуучулардын  кол салууларынан каза болгон палестиналыктардын саны 61ге жетти.

Израилдин кол салууларынан качкан миңдеген палестиналык Газа тилкесиндеги Хан Юнус шаарындагы Насер ооруканасы баш калкалады.



Тектеш кабарлар