1,1 миллиард адам жакырчылык менен күрөшүп жатат

Түштүк Азия жана Сахаранын түштүгүндөгү Африкадан тышкары жакырчылык менен күрөшүп жаткандардын 65 пайызы Кытай, Индонезия, Мьянма, Судан жана Йеменде.

2051403
1,1 миллиард адам жакырчылык менен күрөшүп жатат

110 өлкөдө жашаган 6,1 миллиард адамдын 1,1 миллиардынын жакырчылык менен күрөшүп жатканы билдирилди.

17-октябрь дүйнөлүк жакырчылык менен күрөшүү күнүнүн алкагында Бириккен Улуттар Уюмунун Өнүктүрүү Программасы (UNDP) жарыялаган 2023-жылдагы Глобалдык көп өлчөмдүү жакырчылык индексине ылайык, 110 өлкөдө жашаган 6,1 миллиард адамдын 1,1 миллиарды жакырчылык менен күрөшүп жатат.

Дүйнөдөгү ар бир 6 жакыр адамдын 5и Сахаранын түштүгүндөгү Африкада же Түштүк Азияда жашайт. Анын аймактар ​​боюнча бөлүштүрүлүшүнө карасак, Сахаранын түштүгүндө жашагандардын 47,8 пайызы жакырчылык менен күрөшсө, Түштүк Азияда бул көрсөткүчтүн 34,9 пайызды түзгөнүн көрүүгө болот.

Түштүк Азия жана Сахаранын түштүгүндөгү Африкадан тышкары жакырчылык менен күрөшүп жаткандардын 65 пайызы Кытай, Индонезия, Мьянма, Судан жана Йеменде.

БУУ тарабынан дүйнөнү коргоо жана анын гүлдөп өсүшүн камсыз кылуу боюнча коюлган өнүгүү максаттары 2030-жылга чейин жакырчылыкты жоюуну камтыйт.

UNDPдун маалыматына караганда, дүйнөдө жакырчылыктын деңгээлин төмөндөтүү жана күнүнө 3,65 доллардан аз акчага жашаган миллиондогон адамдарды жакырчылыктан чыгаруу 14 миллиард доллардан бир аз көбүрөөк каражат менен мүмкүн.



Тектеш кабарлар