Израилдин Газа жана Батыш Шерианы бомбалоосу токтой элек, каза болгондордун саны өсүүдө...

Хамастын Газадагы аскерий канаты Иззеддин ал-Кассам бригадалары Израилдин акыркы 24 саат ичиндеги кол салууларында камакта жаткан 9 туткундун каза болгонун жарыялады.

2050942
Израилдин Газа жана Батыш Шерианы бомбалоосу токтой элек, каза болгондордун саны өсүүдө...

7-октябрдын таңында Изз ад-Дин аль-Кассам бригадалары Израилге карата «Акса Топону» деп аталган кеңири чабуулун баштагандан кийин палестиналык топтор менен Израилдин ортосундагы кагылышуулар 9-күнүндө уланып, Израиль Газага кол салууларнын күчүн арттырууда...

Блокадага алынган Газада 724ү бала, 458и аял болгон 2 миң 215 киши каза болуп, 8 миң 714 киши жараланды, акыркы 24 саатта каза болгондордун саны 300, жаралангандардын саны 800 болду.

Хамастын Газадагы аскерий канаты Иззеддин ал-Кассам бригадалары Израилдин акыркы 24 саат ичиндеги кол салууларында камакта жаткан 9 туткундун каза болгонун жарыялады.

Кассам бригадаларынын билдирүүсүндө Израилдин кол салууларында туткундар кармалган бир жердин да бутага алынганы белгиленди.

Билдирүүдө, каза болгон 9 туткундун 4үнүн чет элдик экени белгиленди.

Америка Кошмо Штаттары Израилде ушул кезге чейин 29 жараны каза болгонун, 15и дайынсыз экенин жарыялады.

Орусиянын Израилдеги элчилигинин билдирүүсүндө Израил-Палестина кагылышууларында 16 орус жаранынын каза болгону, 8 орус жаранынын дайынсыз жоголгону белгиленди.

Газадан жасалган чабуулдарда 1300 израилдик каза болуп, 3436 израилдик жарадар болгону билдирилди.

Ошол эле учурда Израил армиясы кагылышууда каза болгон дагы 7 аскердин атын жарыялады. Акыркы маалыматтар менен 7-октябрдан бери каза болгон израилдик аскерлердин саны 286га жетти.

Бириккен Улуттар Уюмунун (БУУ) Палестиналык качкындарга жардам агенттигинин башкы комиссары Филипп Лаззари, Газа тилкесинде суунун азайышынын себебинен 2 миллиондон ашуун кишинин коркунучта экенин, Газага бир жумадан бери гуманитардык жардамдардын жеткирилишине уруксат берилбегенин жана бул азыр өмүр менен өлүм маселеси болуп калганын жарыялады.

Израилдин кол салуусу жана блокадасына кабылган Газа тилкесинин түндүгүндө жашагандардын үйлөрүн күч менен көчүрүү чакырыгына Катар да каршы чыкты.

Катардын Тышкы иштер министрлигинин билдирүүсүндө, «Биз боордош Палестина элин Газа тилкесинен күч менен чыгаруу аракеттерин кескин түрдө четке кагабыз. Биз Газа тилкесиндеги блокаданы алып салууга жана эл аралык гуманитардык мыйзамдарга ылайык жарандарды толук коргоого чакырабыз»,деген сөздөр камтылды.

Израилдик согуштук учактар ​​Газанын түштүгүндөгү Рефах шаарынын батышындагы Аксанын май станциясынын жанындагы бир үйдү бомбалады. Кол салууда каза болгон жана жаралангандардын бар экени белгилүү болду.

Израилдин Газанын батышындагы Тель аль-Хева районунда бир үйдү бомбалоосунун натыйжасында 8 киши каза болду.

Газа тилкесиндеги иорданиялык талаа ооруканасы Израилдин чабуулдарынан жана ага баруучу жолдордун талкаланышынан улам иштебей калды.

Израилдин премьер-министри Беньямин Нетаньяху блокададагы Газа тилкесине карай «кургактык операциясы» боюнча ишарат кылып, «Кийинки этап келе жатат» деди.

Израилдин армиясы да Газа тилкесине карай абадан, деңизден жана кургактыктан «координацияланган» чабуулга даярдыктын аяктоо алдында турганын жарыялады.

Хамастын Саясий бюросунун төрагасы Исмаил Хание Израилдин катуу кол салууларына жана блокадасына кабылган Газадагы палестиналыктардын жерлерин таштабай турганын жана Египетке көчпөй турганын айтты.

Оккупацияланган Батыш Шериада Израиль күчтөрү тарабынан чыныгы октор менен бутага алынган палестиналык бала каза болду.

Бир тараптан Ливан Хизбуллахы да Израиль басып алган Шеба фермаларында Израилдин көзөмөл борборуна чабуул коюлганын жарыялады. Израиль армиясынын билдирүүсүндө Ливандан Израилдин түндүгүнө карай танкка каршы ракета атылганы, 1 израилдиктин каза болгону, бирөөнүн оор 3 израилдиктин жараланганы билдирилди.

Хамастын аскердик канаты Кассам бригадасы 7-октябрда Израилге карата «Акса топону» деп аталган кеңири чабуулун баштаганын жарыялаган. Газадан Израилге карай миңдеген ракеталар атылганда, куралдуу топтор аймактагы отурукташуу жерлерине кирген.

Израил армиясы да Газа тилкесине каршы согуштук учактар ​​менен «Темир кылычтар» операциясын баштаганын жарыялаган.

Чыңалуу күчөгөндүктөн эки тараптан тең миңдеген адам набыт болду.



Тектеш кабарлар