Израилдин журналисттерге карата кол салуусу

Израиль блокада астындагы Газада коммуникация инфраструктурасын да бутага алды.

2050763
Израилдин журналисттерге карата кол салуусу

Израиль блокада астындагы Газада коммуникация инфраструктурасын да бутага алды.

Израилдин Газа тилкесине карата катуу бомбалоосу менен энергетика жана коммуникация инфраструктурасына карата бөгөттөрүнөн кийин Анадолу агенттигинин аймактын түндүгүндө Газа шаар борборундагы командасы менен  кыйынчылык менен түзгөн байланыш толугу менен үзүлдү.

Британиянын БиБиСи  командасы Израиль полициясы тарабынан куралдын күчү менен чыгарылды. Тель Авивиде Израиль полициясы тарабынан токтотулган команда андан кийин кол салууга учурады.

БиБиСи кабарчыларды аймактагы абалдар тууралуу эркин түрдө кабар берүүгө чакырды.

Ошол эле учурда БУУнун баш катчысы Антонио Гутерреш абадан кол салууларда каза болгон журналисттер үчүн көңүл айтты.

Гутерреш БУУнун Коопсуздук Кеңешинде өткөн жабык Газа жыйынынан кийин сөз сүйлөдү. Гутерреш журналисттердин чындыктарды ортого чыгаргандыгын айтты. БУУнун баш катчысы : "Каза болгон журналисттердин үй  - бүлөлөрүнө көңүл айтамын",- деди. 

АКШда Ак үйдүн катчы орун басары Оливиа Далтон да : "Дубаларыбыз  бул журналисттердин үй  - бүлөлөрү менен",- деди. Далтон жараланган журналисттердин айыгып кетишин каалады. 

Израилдин 7-октябрдан бери Газага жасаган кол салууларында 9 журналист каза болду.

Ливан өкмөтүнүн билдирүүсүнө караганда, Израиль армиясынын өлкөнүн түштүгүндө Израиль чек арасындагы Алма Шааб аймагына карата кол салуусунда  Британиянын Рейтер агенттигинин оператору Иссам Абдулла каза болуп, Катардагы Аль Жазира   маалымат агенттиги менен Француз AFP маалымат агенттигинин кабарчылары да жараланган.

Кол салууда бутага алынган унаанын толугу менен күйүп кеткендиги көрүнүүдө.

Рейтер агенттиги оператор Иссам Абдулланын Израилдин ракеталык чабуулунан каза болгонун жарыялаган.

Хамастын аскердик канаты Кассам бригадалары 7 -  октябрда  Израилге "Акса топону" аттуу кол салу баштагандыгын жарыялады. Газадан Израилге карай миңдеген ракета атылып, куралдуу топтор да аймактагы отурукташуу жерлерине кирген.

Израиль армиясы да  аскердик учактары менен Газа тилкесине "Темир Кылычтар" операциясын баштаган.  Күч алган чыңалууда эки тараптан тең жоготуулар болду.

 

 

 

 

 

 

 

 



Тектеш кабарлар