Газа тилкесинде каза болгондордун саны 1537ге жетти

Израилдин блокададагы Газа тилкесине жасаган кол салууларында каза болгондордун саны 1537ге жетти, алардын 500ү балдар.

2050418
Газа тилкесинде каза болгондордун саны  1537ге жетти

 Израилдин блокададагы Газа тилкесине жасаган кол салууларында каза болгондордун саны 1537ге жетти, алардын 500ү балдар.

Саламаттыкты сактоо министрлигинин Газада жасаган жазуу түрүндөгү билдирүүсүндө Израилдин 7 - октябрдан бери Газага жасаган кол салууларында 1537 кишинин каза болгондугу, алардын ичинен 500нүн бала, 276сынын аялдар экендиги, 6612 кишинин жараланганы белгиленди.

Саламаттыкты сактоо жана коопсуздук булактарынан алынган маалыматка караганда Израиль армиясы Газанын ар кайсы жерлерине «эскертүүсүз» абадан катуу кол салууларды жасады.

Турак жайларды бутага алган кол салууларда алгачкы эсептөөлөргө караганда 53 киши каза болуп, ондогон киши жараланды.

Маалымат булактары ураган үйлөрдүн астында азыр да  көп адамдын бар экендигин белгилешти.

Палестинанын Саламаттыкты сактоо министрлиги Израилдин катуу бомбалоосунун бутасы болгон блокададагы Газа тилкесинде миңдеген жаралуунун бар экенин белгилеп, шашылыш кийлигишүүгө чакырды.

Израиль күчтөрү оккупациядагы Батыш Шериада да  4 палестиналыкты дагы өлтүрдү алардын ичинде бирөөсү бала болгон.

Палестинанын Саламаттыкты сактоо министрлигинен алынган маалыматка караганда, акыркы окуя менен 7 - октябрдан бери Израиль күчтөрүнүн Батыш Шериада  ок атууларынын натыйжасында каза болгон палестиналыктардын саны 36га, жаралуулардын саны 650гө жетти.



Тектеш кабарлар