Папа Франциск Газадагы курчоого тынчсызданганын билдирди

Папа, Израиль менен Палестинадагы окуяларды кайгы жана тынчсыздануу менен байкоону улантып жатканын кабарлады.

2049533
Папа Франциск Газадагы курчоого тынчсызданганын билдирди

Католиктердин руханий лидери жана Ватикандын президенти Папа Франциск, көптөгөн бейкүнөө жарандар каза тапкан Газадагы толук курчоого абдан тынчсызданганын айтты.

Ватиканда шаршемби күндөрү өткөргөн жалпы кабыл алуу жыйынында сөз сүйлөгөн Папа, Израиль менен Палестинадагы окуяларды кайгы жана тынчсыздануу менен байкоону улантып жатканын билдирди.

Барымтадагыларды тезинен бошотууга чакырган Папа Франциск: "Ким кол салууга дуушар болсо өзүн коргоого укугу бар, бирок палестиналыктардын абалына жана көптөгөн бейкүнөө адамдар каза тапкан Газадагы толук курчоого абдан тынчсызданып жатам. Терроризм жана экстремизм израилдиктер менен палестиналыктардын ортосундагы жаңжалды жөнгө салууга жардам бербейт, бул жек көрүүнү, зордук-зомбулукту жана өч алууну күчөтөт жана экөөнө тең азап тартуудан башка эч кандай пайда алып келбейт",-деди.

Католиктердин руханий лидери Жакынкы Чыгыштын согушка эмес, тынчтыкка, адилеттикке жана диалогго муктаж экенин баса белгиледи.



Тектеш кабарлар