Израиль: "АКШ гуманитардык коридор үчүн иштеп жатат"

Вашингтон башкаруусу акыркы 24 саатта палестиналыктарды жана АКШ жарандарын Газа тилкесинен эвакуациялоо үчүн башка өлкөлөр менен координациялуу түрдө Египет аркылуу гуманитардык коридор түзүүгө даярдыктарды баштады.

2049284
Израиль: "АКШ гуманитардык коридор үчүн иштеп жатат"

Америка Кошмо Штаттарынын (АКШ) Газа тилкесинен палестиналыктарды жана АКШ жарандарын эвакуациялоо үчүн колдонула турган гуманитардык коридор түзүү үчүн башка өлкөлөр менен чогуу иштешип жатканы белгиленди.

Израилдин мамлекеттик телеканалы KANдын кабарына караганда, Вашингтон башкаруусу акыркы 24 саатта палестиналыктарды жана АКШ жарандарын Газа тилкесинен эвакуациялоо үчүн башка өлкөлөр менен координациялуу түрдө Египет аркылуу гуманитардык коридор түзүүгө даярдыктарды баштады.

Бул даярдыктар Израиль Газа тилкесинде кургактыктан операция жүргүзөт деген божомолдор күчөп турган маалда болду.

Кабарда палестиналыктарга Газа тилкесинен кимдерди эвакуациялоого уруксат бериле турганы жана Египеттен кийин кайда жайгаша тургандары тууралуу кеңири маалымат берилген жок.

АКШнын Израилдеги элчилигинин расмий өкүлү КАНга берген билдирүүсүндө, «Египеттиктердин атынан сүйлөй албай турганын, бирок алардын буга уруксат берерине ишенгенин» айтты.

Бул тема боюнча Египет тараптан азырынча расмий билдирүү жасала элек.

Бир тараптан Бириккен Улуттар Уюмунун (БУУ) Гуманитардык иштерди координациялоо кеңсеси (OCHA) Израилдин абадан кол салууларынан кийин аймактагы гуманитардык абал тууралуу жазуу түрүндө билдирүү жасады.

Билдирүүдө: «Газадагы 263 миң 934 киши үйлөрүн таштап кеткени болжолдонууда»,- деген сөздөр камтылды.



Тектеш кабарлар