Ирак : "Түркияга карата террордук кол салуугарга уруксат бербейбиз"

Ресул Түркия менен Ирактын ортосунда Иран менен болгондой ыктымалдуу бир коопсуздук келишимине кол коюу тууралуу басма сөзгө маалымат берди.

2049448
Ирак : "Түркияга карата террордук кол салуугарга уруксат бербейбиз"

Ирактын премьер  - министри Мухаммед Шиа ес  -  Суданинин аскердик катчысы генерал Яхя Ресул Түркия менен ыктымалдуу коопсуздук келишимине кол коюлушу мүмкүн экенин жана Түркияга (ПКК террордук уюму) каршы террордук кол салууларга уруксат бербей тургандарын айтты.

Ресул Түркия менен Ирактын ортосунда Иран менен болгондой ыктымалдуу бир коопсуздук келишимине кол коюу тууралуу басма сөзгө маалымат берди. 

Генерал Ресул : "Мусулман коңшу өлкө Түркия менен жакшы карым  - катнаштарыбыз бар. Түркия менен саясий жана экономикалык карым  - катнаштарыбыз дажакшы",- деди. 

Ирактын коргоо министри Сабит Аббасинин жана аны коштогон жогорку деңгээлдеги аскердик делегациянын өткөн жумадагы Анкара сапарын эске салган Ресул Түркиянын Улуттук Коргоо министрлиги менен коргонуу өнөр жайы, чалгындоо маалыматтарын бөлүшүү жана террор менен күрөшүү темаларынын сүйлөшүлгөндүгүн айтты. 

Генерал Ресул Ирактын коңшу өлкөлөргө кол салуу талаасы катары колдонулушуна уруксат бербей тургандарын баса белгилеп : "Түркияга же башка кандайдыр бир коңшу өлкөгө террордук кол салуулардын жасалышына уруксат бербейбиз. Ирактын Тышкы иштер министрлиги жана  дипломатиябыз Иран менен болгондой Түркия менен да (коопсуздук келишими) оң жана чоң жыйынтыктарга жетишүү күчүнө ээ. Айрым элементтердин Түркия жана түрк армиясына каршы чыңалууну камтыган кадамдарды ташташына да уруксат бербейбиз",- деди. 

 



Тектеш кабарлар