Сирияга ачылган кыйноо доосу башталды

Нидерландия жана Канаданын Сирия режимине карата Бириккен Улуттар Уюмунун  1984 - жылдагы Кыйноого каршы конвенциясын бузду деген негиз менен  Эл аралык Адилеттик сотунда  ачылган иштин каралышы башталды.

2048807

Соттун биринчи күнүндө Адам укуктарын изилдөө уюмунун (HRW) Эл аралык юстиция директору Балкис Жаррах сөз сүйлөдү. Жаррах : "Сот коркунучтуу шарттар астында кыйналып жаткан жана өмүрү олутту түрдө коркунуч астында болгон сириялыктарга карата кыянаттыктарды болтурбоо үчүн шашылыш чараларды көрүшү керек»,- деген чакыруу салды. 

Канада менен Нидерландия Сирияда жарандык согуш башталган 2011 - жылдан бери жасалган кыйноо кылмыштары БУУнун Кыйноолорго жана башка катаал, адамгерчиликсиз же кадыр - баркты басмырлаган мамиле же жазага каршы конвенциясын бузган деген негиз менен 8 - июнда Сирия режимине каршы доо арыз менен кайрылышкан.

Тектеш кабарлар