Германияда мечитке кол салгандар колго түшүп беришти

Кол салуучулардын Чыгыш Германияда иш алып барган «Last Rescue Germania (LRG)» аттуу ашынган оңчул топтун мүчөлөрү экени белгиленди.

2048899
Германияда мечитке кол салгандар колго түшүп беришти

Германиянын Сигбург шаарындагы Дин иштери Түрк-Ислам Биримдигинин (DİTİB) борбордук мечитине таш менен кол салгандар полицияга багынып беришти.

Түндүк Рейн-Вестфалия штатынын Сигбург шаарындагы DİTİB борбордук мечитине ишемби күнү жергиликтүү убакыт боюнча саат 23.09да белгисиз адамдар тарабынан таш менен кол салуу жасалган.

Кол салган эки киши борбор калаа Берлинде полицияга багынып беришти.

Кол салуучулардын Чыгыш Германияда иш алып барган «Last Rescue Germania (LRG)» аттуу ашынган оңчул топтун мүчөлөрү экени белгиленди.

Маалыматка ылайык, полиция кол салуучулардын ДНК үлгүлөрүн жана уюлдук телефонун да алып койду. Бонн прокуратурасынын окуяга байланыштуу кеңири иликтөө иштерин баштаганы, Түркиянын Кельн башкы консулдугунун бул маселени жакындан байкап жатканы айтылды.

Мунун ашкере оңчулдардын кол салуусу катары каралып, иликтөөнүн улана турганы билдирилди. Кол салуучулар андан соң эркин кое берилди.



Тектеш кабарлар