Блинкен Базум менен телефон аркылуу сүйлөштү

Блинкен сүйлөшүүдө «демократиянын маанилүүлүгүн» ​​баса белгиледи.

2048750
Блинкен Базум менен телефон аркылуу сүйлөштү

Америка Кошмо Штаттарынын (АКШ) мамлекеттик катчысы Энтони Блинкен, президент Жо Байдендин администрациясынын Нигердеги окуяны расмий түрдө "төңкөрүш" деп жарыялоого даярданып жатканы кабарлангандан кийин бийликтен четтетилген президент Мохаммед Базум менен телефон аркылуу сүйлөштү.

АКШнын Мамлекеттик департаментинин басма сөз катчысы Мэтью Миллердин билдирүүсүнө караганда, Блинкен сүйлөшүүдө «демократиянын маанилүүлүгүн» ​​баса белгиледи.

Блинкен өлкөсүнүн, Нигерде бийликти армия басып алгандан кийин адилетсиз түрдө камалгандарды дароо бошотуу чакырыгын кайталады.

Америкалык басылмалар Байдендин администрациясынын, 26-июлда Нигерде армиянын бийликти колго алуусун "төңкөрүш" деп жарыялоо үчүн укуктук стандарттарга жооп бергени тууралуу чечим чыгарууга даярданып жатканын жазган.

АКШда Нигердин Африканын Сахел аймагындагы террор менен күрөшүүдө маанилүү ролду ойногону үчүн өлкөдөгү окуяларды төңкөрүш катары сыпаттоосунун кечиктирилгени айтылган.

Нигерде президент Мохаммед Базум 26-июлда президенттик гвардия полкунун элементтери тарабынан кармалган жана ошол эле күнү кечинде аскерлер бийликти басып алышканын жарыялашкан.

Президенттик гвардия полкунун командири генерал Абдуррахмане Чиани 28-июлда CNSP деп аталган өткөөл өкмөттүн башчысы болгон.

CNSP 7-августта Ламин Зейнени премьер-министрликке дайындап, 10-августта аскерлер менен жарандардан турган 21 мүчөлүү министрлер кабинетин жарыялаган. 



Тектеш кабарлар