Нигерияда кол салуу

Кол салууда 10 киши каза болуп, көп сандаган киши жаракат алды.

2048301
Нигерияда кол салуу

Нигериянын Замфара аймагында жүрүп бараткан унааларга жасалган куралдуу кол салууда 10 киши каза болду.

Улуттук маалымат каражаттарынын жазганына караганда, белгисиз куралчан кишилер Замфара штатындагы Магами-Гусау авто жолунда бараткан көптөгөн унааларга кол салышты.

Кол салууда 10 киши каза болуп, көп сандаган киши жаракат алды. Кол салуучулар унаалардагы кээ бир адамдарды барымтага алса, 3 унаа өрттөлдү.

Замфара аймагы 5 жылдан бери куралдуу бандалардын кол салууларына дуушар болууда. 


Этикеткалар: #Нигериянын Замфара

Тектеш кабарлар