Египетте израилдик туристтерге кол салуу: 3 киши каза болду

Израилдин Тышкы иштер министрлиги Египеттин Александрия шаарындагы куралдуу кол салууга байланыштуу жазуу түрүндөгү билдирүүсүн жарыялады.

2047859
Египетте израилдик туристтерге кол салуу: 3 киши каза болду

Египетте израилдик туристтик топко кол салуу болуп үч киши набыт болду.

Израилдин Тышкы иштер министрлиги Египеттин Александрия шаарындагы куралдуу кол салууга байланыштуу жазуу түрүндөгү билдирүүсүн жарыялады.

Билдирүүдө египеттик тарабынан ок атуунун натыйжасында 2 израилдик турист жана египеттик гид каза болуп, бир израилдик жаран жараланганы белгиленди.

Израиль жарандарын тез арада өлкөгө алып кетүү үчүн Египет бийлиги менен байланышта экени белгиленди.



Тектеш кабарлар