Индияда болгон сел апаатында каза болгондордун саны 53кө жетти

Жетекчилер  25 миң киши жабыркаган селде каза болгондордун саны 53кө жеткенин билдиришти.

2047612
Индияда болгон сел апаатында каза болгондордун саны  53кө жетти

Индиянын Сикким штатында селден каза болгондордун саны 53кө жетти.

Индиянын NDTV каналынын кабарына караганда, Сиккимдеги дамбада суунун деңгээлинин көтөрүлүшү менен пайда болгон сел апаатында каза болгондордун саны барган сайын көбөйүүдө.

Жетекчилер  25 миң киши жабыркаган селде каза болгондордун саны 53кө жеткенин билдиришти. 

Каза болгондордун арасында 7 аскердин бар экендигин белгилеген жетекчилер издөө - куткаруу иштеринин алкагында 2400дөн ашуун кишинин куткарылганын жарыялашты. 

Жетекчилер  селден 1200дөй үйдүн жараксыз абалга келгенин, 140тан ашуун кишини  издеп табуу үчүн аракет кылынып жаткандыгын айтышты. 

Индиянын Аскердик аба күчтөрүнөн жасалган билдирүүдө эки күндөн бери сел жүрүп жаткан кээ бир айыл аймактарда аба ырайынын начардыгы жана көрүү мүмкүнчүлүгүнүн аздыгынан тик учактардын жардам бере албагандыгы маалымдалды. 



Тектеш кабарлар