Мишель Карабах суроосуна жооп бере албады

Мишель Европа Биримдигинин «30 жыл эмне себептен үн катпагандыгына» байланыштуу жооп бере албаса да ортомчулук тууралуу суроого Европа Биримдигинин тарапсыз ортомчу экендигин айтты.

2047374
Мишель Карабах суроосуна жооп бере албады

 Шарль Мишель кечээ Европа саясий шериктештиги АСТтын саммити өткөн Испаниянын Гранада шаарында журналисттердин суроолоруна жооп берди.

Европа Биримдиги кеңешинин төрагасы Шарль Мишель  азербайжандык бир журналисттин : «Армениянын Карабахты басып алуусу жана  1 миллион азербайжандыктын жер которушуна Европа Биримдиги эмне себептен   30 жыл үн каткан жок»,- деген суроосуна жооп берген жок.

Азербайжан телекөрсөтүүсү İTVнын маалымат директору Фикрет Долуханов 1990 - жылдардын башында Армениянын Азербайжандын Карабах аймагын оккупациялоосунан улам 1 миллион азербайжандын жер которгонуна токтолуп, Мишелден :  «Европа Биримдиги эмне үчүн 30 жылдан бери үн катпай, эми Армениянын атынан сүйлөп жатат жана мындан ары калыс ортомчунун ролун аткара алабы»,- деп сурады.

Мишель Европа Биримдигинин «30 жыл эмне себептен үн катпагандыгына» байланыштуу жооп бере албаса да ортомчулук тууралуу суроого Европа Биримдигинин тарапсыз ортомчу экендигин айтты.

Мишель : «Азербайжан менен Армениянын ортосунда дагы көп дипломатиялык аракетке муктаждыктын бар экендигин түшүнөбүз»,- деди.



Тектеш кабарлар