Бразилия менен Кытай улуттук валюталарды колдонушту

Кытай менен Бразилия 30-мартта өз ара соодалашууда америкалык доллардын ордуна улуттук валюталары юанды жана реалды колдонууну макулдашкан.

2047202
Бразилия менен Кытай улуттук валюталарды колдонушту

Бразилия менен Кытай кечээ биринчи жолу өз улуттук валюталары менен эки тараптуу соода жүргүзүштү.

Эки тараптуу сооданын алкагында Кытайдын улуттук валютасы юань менен алынган төлөм түздөн-түз Бразилия реалына которулганда биринчи жолу улуттук валюталар колдонулду.

Процесс Кытайдын Шанхай шаарында өкүлчүлүгү бар "Eldorado Brasil" компаниясынан кагаз массасын сатып алуу үчүн жасалды.

Бразилия басма сөзүндөгү темага байланыштуу кабарда, башка кагаз массасын өндүрүүчү бразилиялык экспорт фирмаларынын да жергиликтүү акча бирдиги аркылуу Кытай менен соода кыла турганы айтылды.

Кытай менен Бразилия 30-мартта өз ара соодалашууда америкалык доллардын ордуна улуттук валюталары юанды жана реалды колдонууну макулдашкан.

Буга чейин Аргентина менен Боливия да юанды колдоно башташкан.

Адистер Түштүк Америка жана Карибдеги соодада доллардын ордуна юандын колдонулушунун себебин аталган өлкөлөрдүн «Кытай менен бекем алака түзүүнү каалап, долларга болгон көз карандылыгын азайтууну максат кылышы» деп ойлошот.



Тектеш кабарлар