Зимбабведе холерадан каза болгондор
Гигиеналык шарттар сакталбаганда тез тараган холера 2008-2009-жылдары өлкөдө 4 миңден ашуун адамдын өлүмүнө себеп болгон.
Зимбабведе көзөмөлгө алына албаган холера эпидемиясында 100дөн ашуун шектүү өлүмдүн катталгандыгы билдирилди.
Зимбабвенин Саламаттыкты сактоо министрлигинин маалыматына караганда, эпидемия башталган февраль айынан бери 5 миңден ашык шектүү учур аныкталып, 100дөн ашуун шектүү өлүм катталды.
Бейтаптардын көбөйүшү ушул жумада да уланып жатканда, тесттердин жыйынтыгында 30 өлүм жана 905 учурдун холерадан экени тастыкталды.
Гигиеналык шарттар сакталбаганда тез тараган холера 2008-2009-жылдары өлкөдө 4 миңден ашуун адамдын өлүмүнө себеп болгон.
Тамак-аш жана суу аркылуу жугуучу «Vibrio» бактериясы себеп болгон холера организмде катуу ич өткөк жана суусузданууну пайда кылат. Дарыланбаса оору өлүмгө алып келиши мүмкүн.
Таза сууга болгон муктаждыкты канааттандырбоо, медициналык кийлигишүүнү дароо жана эффективдүү камсыз кылбоо оорунун жана өлүмдүн коркунучун жогорулатат.
Тектеш кабарлар
Газада уранды астында 10 миңден ашуун киши дайынсыз жоголду
Газадагы жарандык коргонуу директорлугунан темага байланыштуу жазуу түрүндө мсаалымат берилди.