Канар аралдарындагы токой өртү
3000 жарандын эвакуациялангандыгы билдирилди.
2046678
Испаниянын Канар аралдарында чыккан өрткө кийлигишүү улантылып, 3000 жарандын эвакуациялангандыгы билдирилди.
Испаниянын түштүгүндө Марокконун батышындагы Канар аралдарында кечээ токой өртү чыкты.
Тенефире башкаруусу өрктө кийлигишүүнүн уланып жаткандыгын, Санта Урсуладан 2 миң 400, Ла Оротавадан 200 жарандын эвакуациялангандыгын жарыялады.
Тенерифе башкаруусу өрт менен күрөшүүдө 7 тик учактын колдонулганын, анын экөөсүнүн Испания өкмөтү, үчөөсүнүн Канар аралдары өкмөтүнөн берилгендигин маалымдады.