Европа Биримдигинен Түркияга апаат жардамы

Европа Парламенти Европа Биримдигинин 6 -  февралда болгон Кахраманмараш  жер титирөөсүнөн улам Түркияга бере турган  400 миллион евролук жардамды бекитти.

2046291
Европа  Биримдигинен Түркияга апаат жардамы

Европа Парламенти Европа Биримдигинин 6 -  февралда болгон Кахраманмараш  жер титирөөсүнөн улам Түркияга бере турган  400 миллион евролук жардамды бекитти. 

Европа Парламентинин Башкы Ассамблеясында өткөрүлгөн добуш берүүдө жардам пакети 593 «макул», 11 «каршы» жана 22 калыс добуш менен кабыл алынды.

Европа Биримдиги комиссиясынын жардам сунушу мүчө өлкөлөр түзгөн Европа Биримдиги Кеңеши тарабынан  18 -  сентябрда Европа Парламентинин Бюджет комитети тарабынан да  20 -  сентябрда бекитилген. 

Европа Парламентинин Башкы ассамблеясынын да жактыруусунан өткөн пакеттин баары  454, 8 миллион евролук жардамды камтууда.  Бул сумманын 400 миллион евросу Түркияга, 33,9 миллион евросу 2022 - жылы кургакчылыктан жапа чеккен Румынияга жана 20,9 миллион евросу 2022 - жылдын сентябрь айында суу ташкындары  болгон  Италияга жөнөтүлөт.

Жардамдар Европа Биримдиги бюджетинин тилектештик жана чукул жардам үчүн бөлүнгөн бөлүгүнөн берилет. 

 



Тектеш кабарлар