Ирактан Стамбулга 20 киши дарылануу үчүн жөнөтүлдү

Мусулдун Хамдание районундагы тойканада чыккан өрттө114 киши каза болгон.

2045488
Ирактан Стамбулга 20 киши дарылануу үчүн жөнөтүлдү

Ирактын Мусул шаарында 26 -  сентябрда тойканада чыккан өрттөн жаракат алган 20 киши Түркияга дарылануу үчүн жөнөтүлдү.

Ирактын премьер - министри Мухаммед Шиа Суданинин басма сөз кызматы тарабынан жасалган билдирүүдө өрт кырсыгында жараланган 82 кишиден 20сынын аскердик учак менен Стамбулдагы ооруканаларга жеткирилгени билдирилди.

Мусулдун Хамдание районундагы тойканада чыккан өрттө114 киши каза болгон.

Өрттүн залда колдонулган фейерверктен улам чыкканы белгилүү болду.



Тектеш кабарлар