Зеленский: "Аба калканыбызды бекемдешибиз керек"
Зеленский сүйлөшүү үчүн Украинанын борбор шаары Киевге барган НАТОнун баш катчысы Йенс Столтенберг менен жолугушту.
Украинанын президенти Владимир Зеленский Орусиянын Украинанын аймагына чабуулун улантып жатканын айтып: «Аба калканыбызды бекемдешибиз керек»,- деди.
Зеленский, сүйлөшүү үчүн Украинанын борбор шаары Киевге барган НАТОнун баш катчысы Йенс Столтенберг менен жолугушту.
Жолугушуудан кийин өткөрүлгөн биргелешкен маалымат жыйынында Зеленский Украинанын НАТОго мүчөлүгүнө токтолуп, мындай деди:
«Украинанын альянстын мыйзамдуу мүчөсү болушу мезгил талабы. Бул убакытты жакындатуу үчүн баарын жасап жатабыз».
«Украина азыр НАТОнун бардык мүчөлөрүн бириктирген эркиндиктин жалпы мейкиндигин жактап жатат» деген Зеленский: «Орусия баштаган бул себепсиз жана кылмыштуу согушта Украинанын жеңиши биздин мамлекет үчүн гана эмес, бүткүл континент үчүн узак мөөнөттүү коопсуздукту жана тынчтыкты кепилдейт»,-деди.
Зеленский Украинанын альянстын курал тактикасын ийгиликтүү колдонуп, өнүктүрүп жатканын белгилеп: «Чындыктын өзү Украинанын альянска мүчө болушу толугу менен табигый болоорун жана Украинаны да, НАТОну да бекемдей турганын далилдеп турат»,-деди.
Орусиянын артка чегиниши жана утулушу үчүн ага кысым көрсөтүүнү уланта тургандарын белгилеген Зеленский: «Ушул контекстте биз мүчө мамлекеттердин кошумча абадан коргонуу системаларын сатып алуу темасын талкууладык. Башкы катчы бул маселеде бизге жардам көрсөтүү жана альянска мүчө мамлекеттерди мобилизациялоо аракетин көрүүгө макул болду»,-деп айтты.
Зеленский Орусиянын Украинанын аймагына чабуулун улантып жатканын белгилеп: «Орусияга карата кысымдын интенсивдүүлүгүнө жана аба калканыбыздын бекемделишине муктаждыгыбыз бар», - деди.
Тектеш кабарлар
Махмуд Аббас палестиналыктарга тынчсызданууда
Аббас Сауд Арабияда өткөн Эр-Рияд экономикалык форумунун атайын сессиясында сөз сүйлөдү.