Швейцариядагы мөңгүлөрдүн көлөмүндөгү азаюу

Швейцарияда акыркы 2 жылда мөңгүлөрдүн көлөмүнүн 10 пайызга азайганы аныкталды.

2043641
Швейцариядагы мөңгүлөрдүн көлөмүндөгү азаюу

Швейцарияда акыркы 2 жылда мөңгүлөрдүн көлөмүнүн 10 пайызга азайганы аныкталды.

Швейцариянын илимдер академиясынын криосфералык комиссиясы мезгилдин нормасынан жогору болгон ысыктык жана  мурункуга салыштырмалуу  кардын аз жаашынан улам  Швейцариянын Альп тоолорундагы мөңгүлөрдүн эришинин «олуттуу деңгээлде» ылдамдагандыгын билдирди.

Комиссиянын билдирүүсүндө Европада эң көп мөңгүгө ээ болгон Швейцарияда 2022 - 2023 - жылдары мөңгү көлөмүнүн 10 пайызга азайгандыгы  белгиленди.

Билдирүүдө мөңгүлөрдүн олуттуу түрдө эришинин мөңгүлөрдүн үстүнө жааган жана түздөн түз күн нуруна дуушар болушунан коргогон кардын аз жаашынан улам келип чыккандыгы айтылып, июнь айындагы ашыкча температуранын  карлардын 2 - 4  жума мурда эришине себеп болгондугу маалымдалды. 

Швейцариянын температура өлчөмдөрү башталган  1864 -  жылдан бери "бешинчи эң ысык жайды" өткөргөндүгү, мезгил боюнча Альпылардын түндүгүндө эки, түштүгүндө да үч ысык аба толкунунун байкалгандыгы билдирилген. 

 



Тектеш кабарлар