БУУ: "Сирияда азыркы кырдаалды уланта албайбыз"

Педерсен БУУнун Коопсуздук Кеңешинде өткөрүлгөн Сирия сессиясында мүчө өлкөлөргө маалымат берди.

2043293
БУУ: "Сирияда азыркы кырдаалды уланта албайбыз"

Бириккен Улуттар Уюмунун (БУУ) Сирия боюнча атайын өкүлү Гейр Педерсен: «Сирияда азыркы кырдаалды уланта албайбыз, анткени анын начарлашы жана жаңы сыноолорго алып келиши ыктымал»,- деди.

Педерсен БУУнун Коопсуздук Кеңешинде өткөрүлгөн Сирия сессиясында мүчө өлкөлөргө маалымат берди.

БУУнун баш катчысы Антониу Гутерриштин «Сирия урандыга айланды жана тынчтык жакын арада көрүнбөйт» деген сөздөрүн кайталаган Педерсен, өлкөдөгү тараптардын ортосундагы ишенбөөчүлүктүн, саясий туруксуздуктун жана эл аралык чөйрөнүн маселени чечүүнү кыйындатканын белгиледи.

Бир тараптан Сирия калкынын үмүтсүздүгү жана азап-кайгысынын тереңдеп баратканына басым жасаган Педерсен: «Сирияда азыркы абалды уланта албайбыз, себеби анын дагы да начарлап, жаңы сыноолорго алып келүү ыктымалдыгы бар»,-деди.

Сирия коомчулугунун жарымынын азык-түлүк коопсуздугу менен бетме-бет келгенин жана өлкөдөгү медицина кызматкерлеринин Сириядан кетүүнү улантканын билдирген Педерсен: «2020-жылдан бери уланган салыштырмалуу тынчтык олуттуу коркунуч астында»,-деп айтып зомбулуктун күчөшүнө көңүлдөрдү бурду.

Гутерриштин «компромисске» өжөрлүгүн эске салган Педерсен: «Сириядагы тараптар жана эл аралык актерлор компромисс темасына көбүрөөк басым жасашы керек»,-деди.



Тектеш кабарлар