Түркия  - Росия  биргелешкен борбору акыркы эки күндө ок атышпоо эрежесинин бузулбагандыгын аныктады

Азербайжандын армян оккупациясынан бошоткон Карабахта ок атышпоонун аткарылышын көзөмөлдөө  максатында түзүлгөн түрк  - орус  биргелешкен борбору ишин улантууда

2042949
Түркия  - Росия  биргелешкен борбору акыркы эки күндө ок атышпоо эрежесинин бузулбагандыгын аныктады

Түркия  - Росия  биргелешкен борбору Азербайжан ийгиликтүү аяктаган антитеррордук операциясынан кийин армян топтору курал таштай баштаган Карабахта акыркы эки күндө ок атышпоо эрежесинин бузулбагандыгын аныктады. 

Азербайжандын армян оккупациясынан бошоткон Карабахта ок атышпоонун аткарылышын көзөмөлдөө  максатында түзүлгөн түрк  - орус  биргелешкен борбору ишин улантууда.

2021 - жылдын 30 - январынан тарта иштей баштаган борбордун иштери  түрк жана орус делегациялары тарабынан даярдалган милдеттер жана жоопкерчиликтер жөнүндөгү жобого ылайык уланууда.

Аймакта тынчтыкты орнотуу үчүн иш алып барган борбор өзүнүн чалгындоо жана байкоочу жабдыктары,  учкучсуз учуучу аппараттар менен мыйзам бузууларды аныктап, эки тараптан тең укук бузуулар тууралуу билдирүүлөрдү көзөмөлдөөөдө.

Ушул алкакта Карабах экономикалык аймагында ок атышпоонун 24 сааттык негизде сакталып же сакталбаганын текшерген Түркия  - Росия  биргелешкен   борбордук командирлиги 25 - 26 - сентябрда ок атышпоонун бузулбагандыгын жарыялады.

Азербайжандын куралдуу күчтөрү Карабахта конституциялык тартипти орнотуу үчүн 19 - сентябрда антитеррордук операция баштады. Болжол менен 24 саатка созулган операциядан кийин Карабахтагы мыйзамсыз армян куралдуу күчтөрү куралын таштап, армян башкаруусу деп аталган уюм таркатылды. 

Азербайжан Карабах армяндарынын өкүлдөрүн интеграциялык маселелерди талкуулоого чакырды. Биринчиси 21 - сентябрда Евлах шаарында өткөн интеграциялык сүйлөшүүлөр уланууда.

Азербайжан армиясы тарабынан 2020 - жылдын 27 - сентябрында башталган «Бир мекен операциясы» менен Армениянын оккупациясы  астындагы 5 шаардын борборун бошотуудан кийин Армения 10 - ноябрда жеңилүүнү кабыл алып, басып алган Агдам, Лачын жана Келбежер облустарын бошотуу убадасын берген декларацияга кол койгон.

Декларацияда тараптардын ок атышпоо келишимине баш ийүүсүн камсыздоо жана текшерүүнүн эффективдүүлүгүн жогорулатуу максатында байкоочу борбордун түзүлүшү боюнча чечими кабыл алынган.

Түркия - Россия биргелешкен борборуна байланыштуу меморандумга Түркия менен Россиянын коргоо министрлери кол коюшту жана борбор 2021 - жылдын 30 - январында өткөрүлгөн азем менен ишин баштаган.

 

 

 



Тектеш кабарлар