ЕБ, Азербайжан, Армения, Франция жана Германиянын өкүлдөрү Бельгияда жолугушту

ЕБ Кеңешинин жазуу түрүндөгү билдирүүсүндө Европа Биримдиги (ЕБ), Азербайжан, Армения, Франция жана Германиянын өкүлдөрү Бельгиянын борбор шаары Брюсселде жолугушуп кеңешкени белгиленди.

2042799
ЕБ, Азербайжан, Армения, Франция жана Германиянын өкүлдөрү Бельгияда жолугушту

 

Европа Биримдиги (ЕБ), Азербайжан, Армения, Франция жана Германиянын өкүлдөрү Бельгиянын борбор шаары Брюсселде жолугушканын жана тараптардын кийинки мүмкүн болгон жолугушууда нормалдашуу процессин алдыга жылдыруу үчүн конкреттүү кадамдарды сүйлөшкөнүн билдирди.

ЕБ Кеңешинин жазуу түрүндөгү билдирүүсүнө караганда, Кеңештин төрагасы Шарль Мишельдин кеңешчилери Саймон Мордуе менен Магдалена Гроно, Европа Биримдигинин Түштүк Кавказ боюнча атайын өкүлү Тойво Клаар, Азербайжан президентинин кеңешчиси Хикмет Хажыев жана Армениянын Улуттук коопсуздук кеңешинин катчысы Армен Григорян менен жолугушуу өткөрүлдү.

Франциянын президенти Эммануэль Макрондун кеңешчиси Эммануэль Бонне жана Германиянын канцлери Олаф Шольцтун кеңешчиси Йенс Плоетнер катышкан жыйынга Евробиримдик кеңешинин төрагасы Мишель да кыска мөөнөткө катышты.

Жыйында Евробиримдик бардык окуяларды жакындан байкап жатканын жана талаадагы чыңалуунун жарандардын абалына таасир этпеши үчүн эң жогорку деңгээлде кийлигишкенин билдирди.

Евробиримдик ошондой эле «эл аралык гуманитардык жардамга жана адам укуктары боюнча актерлорго уруксат берүү, ачык-айкындуулук, Азербайжандын Карабахта жашаган армяндарга болгон көз карашы тууралуу кеңири маалымат» зарылдыгын баса белгиледи.

Хикмет Хажыев ошондой эле Азербайжандын жергиликтүү калкка гуманитардык жардам жана коопсуздукту камсыздоо боюнча пландарын айтты.

Хажыев менен Григорян кийинки мүмкүн болгон жолугушууда нормалдаштыруу процессин илгерилетүү боюнча конкреттүү кадамдарды талкуулашты.

Билдирүүдө бул жолугушуунун 5-октябрда Испанияда өтүүчү Европалык Саясий Шериктештигинин (АСТ) саммитинин алкагында Мишель менен төрт өлкөнүн лидерлеринин ортосунда өткөрүлүшү пландалган жолугушууга даярдык көрүү максатында пикир алмашууга мүмкүндүк бергени белгиленген.



Тектеш кабарлар