Сирияда ПКК/ЙПГ алдыңкы линияларга кирүүгө аракет кылды

ПКК/ЙПГ террористтери басып алган Тель Рыфат жана Манбижден коопсуз аймактардагы  3  жерге бир убакта кирүүгө аракет кылды

2042249
Сирияда ПКК/ЙПГ алдыңкы линияларга кирүүгө аракет кылды

ПКК/ЙПГ террордук уюмунун Сириянын түндүгүндө Сирия Улуттук Армиясынын алдыңкы линияларына бир убакта кирүү аракети  тоскоолдукка учурады. Сирия Улуттук Армиясынын бир аскери каза болду.

ПКК/ЙПГ террористтери басып алган Тель Рыфат жана Манбижден коопсуз аймактардагы  3  жерге бир убакта кирүүгө аракет кылды.

Түркия чек арасындагы Азез районунун түштүгүнөн жана Баб районунун чыгышынан алдыңкы линияларга кирүүгө аракет кылган террористтер күзөттө турган Сирия Улуттук Арамиясынын аскерлери менен кагылышты. Кагылышууда  Сирия Улутутк Армиясынын 1 аскери каза болуп, 2 аскер жаракат алды.

Кагылышууларда жоготууга учураган ПКК/ЙПГ террористтери чегинүүгө мажбур болду.

Террористтер кирүүгө аракет кылган аймактарга кургактан кургактыкка атуучу куралдар менен кол салышты.

ПКК/ЙПГ жикчил террордук уюму 7 жылдан ашуун убакыттан бери басып алган Тель - Рыфат жана Манбижден Сирия Улуттук Армиясынын алдыңкы  фронтуна кирүүгө аракет кылууда.

 

 



Тектеш кабарлар