Франциядагы динозавр скелети аукциондо сатылат

Франциянын борбору Парижде 150 миллион жылдык динозаврдын скелети аукционго коюлат.

2042515
Франциядагы динозавр скелети аукциондо сатылат

Франциянын борбору Парижде 150 миллион жылдык динозаврдын скелети аукционго коюлат.

Drouot аукцион үйүнүн жазуу түрүндөгү билдирүүсүнө караганда, «камптозавр» динозавр скелети 20 - октябрда аукциондо  сатылат.

«Барри» аттуу динозаврдын мындан 150 миллион жыл мурда жашагандыгы белгиленди.

Скелеттин баасы 1,2 миллион еврого чейин барышы мүмкүн.

2000 - жылдары АКШнын Вайоминг штатында табылган динозаврдын скелетинин баш сөөгүнүн 90 пайызы тиштери менен кошо ушул күнгө чейин абдан жакшы сакталган.

2 метр узундуктагы динозаврга атын берген палеонтолог Барри Жеймс скелетти калыбына келтирген биринчи адам болуу менен белгилүү.

Былтыр Drouot аукцион үйүндө Зефир аттуу 150 миллион жылдык динозаврдын скелети болжол менен 673 миң еврого сатылса, 2021-жылы 66 миллион жылдык Биг Джон аттуу динозавр болжол менен 6,6 миллион еврого сатылган.



Тектеш кабарлар