Буркина-Фасодо француздук журналдын басылышы токтотулду
Өкмөт тараткан билдирүүдө журналдын таркатылышы 25-сентябрдан тарта токтотулганы, сайтка кирүү да токтотулганы белгиленген.
Буркина-Фасодо өкмөт Африкага карата мазмун чыгарган француз Jeune Afrique журналынын веб-сайтына кирүү мүмкүнчүлүгүн кийинки эскертүүгө чейин токтотту.
Өкмөт тараткан билдирүүдө журналдын таркатылышы 25-сентябрдан тарта токтотулганы, сайтка кирүү да токтотулганы белгиленген.
Билдирүүдө тыюу салууга бири өткөн аптада, экинчиси кечээ жарыяланган эки макала себеп катары көрсөтүлгөн.
«Буркина-Фасодо армия катарларында чыңалуу уланууда» жана «Буркина-Фасодогу казармаларда нааразылык күчөп баратат» деген бул эки макаланын «бурмалоочу» экени белгиленген билдирүүдө басылма ошондой эле өлкөдө башаламандыктарды жаратты деп айыпталды.
Бийликте аскерлер турган Буркина-Фасодо июнь айында француздук LCI телеканалынын көрсөтүүлөрү үч айга токтотулган, апрелде «Либерасьон» жана «Монд» гезиттеринин кабарчылары депортацияланган. France 24 телеканалынын берүүлөрүнө март айында, ал эми француз радиосунун RFI берүүлөрүнө декабрда тыюу салынган.
Тектеш кабарлар
АКШдан Украинага 2 миллиард долларлык жардам
Украинага барган Блинкен Киевди колдоо боюнча комментарий берди.
Газада каза болгондордун саны 35 миң 233кө жетти
Израилдин Газа тилкесине 222 күндөн бери улантып жаткан кол салуулары тууралуу маалымат берилди.