Ливияда селден улам ата  - энесиз калган балдар мамлекеттин камкордугуна алынат

Чыгыштагы «өкмөттүн премьер  - министри» Усаме Хаммад чыгарган чечим өкмөттүн расмий фейсбук баракчасынан жарыяланды.

2041213
Ливияда селден улам ата  - энесиз калган балдар мамлекеттин камкордугуна алынат

Ливиянын чыгышындагы Өкүлдөр палатасы тарабынан дайындалган өкмөт 10 -  сентябрда болгон селде үй  - бүлөсүн жоготкон балдарды мамлекеттин камкордугуна алынарына чечим чыгарды.

Чыгыштагы «өкмөттүн премьер  - министри» Усаме Хаммад чыгарган чечим өкмөттүн расмий фейсбук баракчасынан жарыяланды.

Чечимдин биринчи беренесине ылайык, Дерне жана айланасындагы шаарларды таасири астына алган «Даниел» бороонунда үй - бүлөсүнөн ажыраган бардык ливиялык балдарга «мамлекеттин камкордугунда» статусу берилет.

Экинчи берене боюнча мамлекет чечимдин алкагында ар бир балага социалдык жана психологиялык колдоо көрсөтөт. Ушул алкакта балдарга ай сайын акчалай жардам көрсөтүлүп, жашоосу ылайыктуу орундар бөлүнүп, билим алуу жана дарылануу чыгымдары каржыланат.

Үчүнчү берене боюнча, жетим балдарды аныктоо үчүн түзүлө турган эксперттик комиссия эң кеч бир айдын ичинде ишин бүтүрөт.

Борбордук Жер Ортолук деңизде таасирдүү болгон жана 10 - сентябрда Ливиянын чыгышында болгон «Даниел бороону» Бенгази, Бейда, Мерк, Сусе жана Дерна шаарларында селге себеп болгон.

 



Тектеш кабарлар