Козлукөпрү айылында мыйзамсыз армян күчтөрүнө таандык ок-дары сакталган кампа табылды

Азербайжан армиясынын Карабахта жүргүзгөн антитеррордук операциясында көзөмөлгө алынган Козлукөпрү айылында мыйзамсыз армян күчтөрүнө таандык ок-дары сакталган кампа табылды.

2041016
Козлукөпрү айылында мыйзамсыз армян күчтөрүнө таандык ок-дары сакталган кампа табылды

Азербайжан армиясынын Карабахта жүргүзгөн антитеррордук операциясында көзөмөлгө алынган Козлукөпрү айылында мыйзамсыз армян күчтөрүнө таандык ок-дары сакталган кампа табылды.

Азербайжандын Коргоо министрлигинин билдирүүсүндө, Козлукөпрү айылындагы чарбанын обьетилеринин биринен  ок - дары кампасынын табылгандыгы билдирилди.

Ракеталар, артиллериялык снаряддар, миналар жана түрдүү калибрдеги октор сакталган кампанын көптөн бери колдонулуп келгени жана ок - дарылардын тез жардам унаасы менен кампага ташылганы белгиленди.

Азербайжан армиясы конституциялык түзүлүштү орнотуу үчүн 19 - сентябрда Карабахта антитеррордук операция баштаган.

Карабахтагы мыйзамсыз Армения куралдуу күчтөрү 24 саатка созулган операциядан кийин куралдарын таштады.

Бир тараптан Азербайжандын Башкы прокуратурасы, Карабахта антитеррордук операция жүргүзгөн Азербайжан  аскерлеринин мыйзамсыз армян күчтөрүнүн унаасы деп ойлоп  ок аткан унаадагы 5 орус аскеринин каза болгондугун жана армян күчтөрү аткан октон 1 орус аскеринин каза болгондугун билдирди. 

Билдирүүдө эки окуя боюнча тең тергөө иштеринин баштатылгандыгы,  Азербайжан жана Россиянын   башкы прокурорлорунун телефон аркылуу сүйлөшүп,  тергөөнүн комплекстүү жана интенсивдүү түрдө жүргүзүлүшү тууралуу макулдашкандары белгиленди.

 

Президент Илхам Алиев Россиянын президенти Владимир Путин менен телефон аркылуу сүйлөшүүсүндө күнөлүүлөрдүн тиешелүү жазаны алаарын жана каза болгондордун үй - бүлөлөрүнө материалдык жардам көрсөтүүгө даяр экендигин билдирген. 

 



Тектеш кабарлар