Филиппинде вулкандык түтүн эскертүүсү берилди

Филиппин вулканология жана сейсмология институту (Phivolcs) айланасында жанар тоо түтүнү көрүнгөн Таал жанар тоосунун активдешүү коркунучу тууралуу билдирүү жасады.

2041094
Филиппинде вулкандык түтүн эскертүүсү берилди

Филиппинде борбор шаар Маниланын түштүгүндө жайгашкан Таал жанар тоосунун айланасында көрүнгөн вулкандык түтүндөн улам аймакка жакын калктуу конуштарга эскертүү берди.

Филиппин вулканология жана сейсмология институту (Phivolcs) айланасында жанар тоо түтүнү көрүнгөн Таал жанар тоосунун активдешүү коркунучу тууралуу билдирүү жасады.

Билдирүүдө жана тоонун айланасындагы вулкандык түтүндүн көрүнүшү менен  5  баскычтуу сигнализация системасында 1-деңгээлдеги эскертүүсү берилди.

Вулкандык түтүндүн күкүрт кычкыл газын  (SO2) камтыгандыгы белгиленген билдирүүдө түтүнгө дуушар болуунун көзгө жана дем алуу жолдоруна зыян келтиргендиги айтылды. 

Өзгөчө кычкылдуу жаанга байланыштуу эскертүү жасалган билдирүүдө  аймактын тургундарына үйдөн чыкпоолору жана терезелерди  жабык кармоо сунуш кылынды. 

Дүйнөнүн эң кичинекей жанар тоосу Таал Филиппинде 10дон  ашуун активдүү вулкандын бирөөсү. 

 

 

 



Тектеш кабарлар