Пакистан: "Карабах Азербайжандын жери"

Пакистандын Тышкы иштер министрлигинин басма сөз катчысы Мумтаз Балуч билдирүү жасады.

2040287
Пакистан: "Карабах Азербайжандын жери"

Пакистан Карабахты Азербайжандын суверендүү аймагы деп эсептей турганын жарыялады.

Пакистандын Тышкы иштер министрлигинин басма сөз катчысы Мүмтаз Белуч, борбор калаа Исламабадда өткөрүлгөн жумалык маалымат жыйынында өлкөсүнүн Азербайжандын эгемендигинин жана жеринин бүтүндүгүнө чексиз колдоосун дагы бир жолу ырастады.

Балуч өлкөсүнүн Карабахты Азербайжандын эгемен жери катары көргөнүн белгилеп, мындай деди:

«Бул позициябыз эл аралык укукка, ошондой эле Бириккен Улуттар Уюмунун Коопсуздук Кеңешинин (БУУ) жана Ислам Кызматташтык Уюмунун (ИКУ) көптөгөн резолюцияларына шайкеш келет».

Мүмтаз Зехра Белуч Азербайжандын эгемендиги жана жеринин бүтүндүгү боюнча мыйзамдуу талабынын бардык тараптар тарабынан кабыл алынышын жана аймакта туруктуу тынчтыктын орношун үмүт кылгандарын айтты.

Белуч бул өлкөнүн аймагында миналардын жарылышынан каза болгондорго байланышту Пакистандын Азербайжандын элине жана өкмөтүнө чын жүрөктөн көңүл айтканын билдирди.



Тектеш кабарлар