Түндүк Кореянын лидери өз өлкөсүнө жетти

Орусия 17-сентябрда Кимдин өлкөдөн жөнөп кеткенин жарыялаган.

2039309
Түндүк Кореянын лидери өз өлкөсүнө жетти

Түндүк Кореянын лидери Ким Чен Ындын Орусияга сапарын аяктап, атайын бронепоезд менен өлкөсүнө жеткени кабарланды.

Түндүк Кореянын расмий Корея борбордук кабар агенттигинин (KCNA) билдиргенине караганда, Ким Орусияга 6 күндүк сапарынан кийин өлкөсүнө жетти, бул анын лидерлигиндеги эң узак сапары болду.

Кимди ташыган атайын брондолгон поезд кечээ эртең менен өлкө чек арасына жетип, Кимдин сапарынын «жакшы ниет сапары» болгону белгиленди.

Орусия 17-сентябрда Кимдин өлкөдөн жөнөп кеткенин жарыялаган.

Ким 13-сентябрда Орусиянын Амур облусундагы Востончний космодромунда орус президенти Владимир Путин менен жолугушкан.

Ким Чен Ын менен сүйлөшүүлөрдү «жемиштүү» деп сыпаттаган Путин, аймактагы абал жана эки тараптуу карым-катнаштар тууралуу пикир алмашкандарын айткан.



Тектеш кабарлар