АКШнын президенти Байден БУУнун Башкы ассамблеясынын 78-сессиясында сөз сүйлөдү

АКШ Бириккен Улуттар Уюмунун (БУУ) Коопсуздук Кеңешинин реформасы үчүн өз милдетин аткарууну улантат.

2039528
АКШнын президенти Байден БУУнун Башкы ассамблеясынын 78-сессиясында сөз сүйлөдү

Америка Кошмо Штаттарынын (АКШ) президенти Жо Байден, өлкөсүнүн Бириккен Улуттар Уюмунун (БУУ) Коопсуздук Кеңешинин реформасы үчүн олуттуу кеңешүүлөрдү жүргүзүп жатканын жана реформа үчүн өз милдетин аткарууну уланта турганын билдирди.

Нью-Йоркто өткөрүлгөн БУУнун Башкы ассамблеясынын 78-сессиясында сүйлөгөн сөзүндө Байден, АКШнын Израиль жана Палестинанын ортосунда «эки эл үчүн эки мамлекет» максаты менен адилеттүү жана туруктуу тынчтыкты колдоону уланта турганын да айтты.

Байден сөз сүйлөөсүндө Орусия-Украина согушуна да токтолуп: «Орусиянын коңшусу Украинага кол салуулар дароо токтотулушу керек. АКШ украин элинин жанында болууну улантат. Тынчтыкка бирден-бир тоскоолдук Орусия. Эгер биз Украинанын ыдырашына макул болсок, өзүбүздү кантип коопсуз сезе алабыз? АКШ кайраттуу украин элинин жанында болууну улантат»,- деди.

Өлкөсүнүн террордук уюмдарга каршы күрөшүн улантып жатканын айткан Байден: «Демократия саммитин уюштуруу менен биз дүйнөдө демократияны бекемдөөгө аракет кылуудабыз. Африка өлкөлөрүндөгү удаама-удаа төңкөрүштөр бул аракеттердин канчалык маанилүү экенин көрсөтүүдө. Африка Биримдиги менен ECOWASтын жанындабыз»,-деп билдирди.

Кытай менен атаандаштыктын кагылышууга айланбашы керектигин белгилеген АКШ президенти, Кытайды изоляция кылбагандарын, биргелешип иштөөгө ачык экендиктерин айтты.

Байден АКШнын массалык кыргын салуучу куралдардын коркунучун азайтууну ак ниеттүүлүк менен уланта турганын маалымдап: «Быйыл биз АКШдан акыркы химиялык куралды чыгардык. Бирок Түндүк Корея менен Ирандын аймактык жана глобалдык коркунучтар экенине тынчсыздануу менен байкоо жүргүзүүнү улантабыз. Ирандын өзөктүк куралга ээ болбошу керектигин дагы бир жолу кайталайбыз»,- деди.



Тектеш кабарлар