Түндүк Кореянын лидери өлкөсүнө кайтты

Ким Приморск аймагындагы жолугушууларынын алкагында Русский аралындагы Ыраакы Чыгыш федералдык университетине барды.

2038445
Түндүк Кореянын лидери өлкөсүнө кайтты

Түндүк Кореянын лидери Ким Чен Ын Орусияга расмий сапарынын алкагында Приморск аймагындагы жолугушууларын аяктагандан кийин атайын брондолгон поезди менен өлкөдөн жөнөп кетти.

Орусиянын Риа агенттигинин маалыматына караганда, Ким Приморск аймагындагы жолугушууларынын алкагында Русский аралындагы Орусиянын Ыраакы Чыгыш федералдык университетине барды.

Бул жерден университеттин максаттары жана Русский аралынын өнүгүүсү тууралуу маалымат алган Ким, ушул университетте билим алып жаткан 43 түндүк кореялык студент менен жолугуп, алар менен баарлашты жана сүрөткө түштү.

Андан кийин Ким «Ыраакы Чыгыштын көчөлөрү» темасындагы көргөзмөгө барды, ал жерде Приморск облусунун компаниялары тарабынан иштелип чыккан жана үлгүлөрү «атайын операциялар зонасына (Украина)» жөнөтүлгөн продукциялар тууралуу маалымат алды.

Приморск облусунун губернатору Олег Кожемяко көргөзмөнү кыдыруу учурунда Кимге чабуулчу жилет жана 6 башкаруу системасы бар учкучсуз учуучу аппаратты белекке берди.

Андан соң Ким Русский аралындагы Приморский аквариумуна барып ал жерден киттер, тюлдер жана морждор сыяктуу деңиз жаныбарларынын шоулорун көрдү.

Шейшемби күнү барган Орусиянын Приморск аймагындагы жолугушууларын аяктаган Түндүк Кореянын лидери атайын брондолгон поезди менен өлкөдөн чыгып кетти.



Тектеш кабарлар