Орус номуру бар унаалар Польшага кире албайт
Польшанын ички иштер министри Мариуш Каминский, орус номурлуу унаалардын бүгүн түн жарымынан тарта Польшага кирүүсүнө тыюу салынганын билдирди.
Польша орус номуру тагылган унааларды өлкөгө киргизүүгө тыюу салды.
Польшанын ички иштер министри Мариуш Каминский, орус номурлуу унаалардын бүгүн түн жарымынан тарта Польшага кирүүсүнө тыюу салынганын билдирди.
Каминский кечээ Беларус чек арасында өткөргөн маалымат жыйынында: «Орусиялык жүк ташуучу унаалар буга чейин эле бул тыюуга киргизилген. Эми бул маселени жаап жатабыз. Польшага орусиялык бир дагы унаа кире албайт»,-деп айтты.
Тыюунун унаа ээси Орусиянын жараны же башка өлкөнүн жараны экендигине карабастан бардык коммерциялык жана жеке унааларга тиешелүү болоору белгиленди.
Латвия, Литва жана Эстониядан кийин Финляндия дагы бир күн мурун орус номурлуу унаалардын өлкөгө кирүүсүнө тыюу салган. Польша аталган тыюуну ишке ашыра турганын жарыялаган 5-өлкө болду.
Тектеш кабарлар
Газада уранды астында 10 миңден ашуун киши дайынсыз жоголду
Газадагы жарандык коргонуу директорлугунан темага байланыштуу жазуу түрүндө мсаалымат берилди.