АКШ: "Түркия менен соодада чоң мүмкүнчүлүк бар"

Венкатараман борбор шаар Вашингтондо Түркия менен АКШнын ортосундагы соода карым-катнаштары тууралуу басма сөзгө маалымат берди.

2038409
АКШ: "Түркия менен соодада чоң мүмкүнчүлүк бар"

Америка Кошмо Штаттарынын (АКШ) Глобалдык рыноктор боюнча соода министринин орун басары Арун Венкатараман, өлкөсү менен Түркиянын ортосундагы сооданын экспоненциалдуу түрдө өсүшү үчүн олуттуу мүмкүнчүлүктү көрүп жаткандарын белгиледи.

Венкатараман борбор шаар Вашингтондо Түркия менен АКШнын ортосундагы соода карым-катнаштары тууралуу басма сөзгө маалымат берди.

АКШ менен Түркиянын ортосунда терең стратегиялык өнөктөштүктүн бар экенин билдирген Венкатараман: «Түркияда көп жылдардан бери иштеп келе жаткан көптөгөн америкалык компаниялар бар жана биз муну менен сыймыктанабыз. Түркия үчүн алдыга карай тенденцияны жана АКШ менен Түркиянын ортосундагы сооданын экспоненциалдуу түрдө өсүшү үчүн олуттуу мүмкүнчүлүктү көрүп жатабыз»,-деди.

Венкатараман: «Коммерциялык мамилелердин тереңдиги жана эки өлкөдө тең болгон ишкердүүлүктү эске алганда, соодада 100 миллиард долларлык максатка жетүү мүмкүн болушу керек»,-деп айтты.

Эки өкмөт тең бул үчүн иштеши керектигин баса белгилеген Венкатараман: «Биз элибиздин ортосундагы сооданы стимулдаштыруу үчүн туура саясатты жүргүзүшүбүз керек»,-деди.

АКШнын маанилүү соода иш-чараларынын бири болгон «Trade Windsтин» Түркияда 13-15-май күндөрү өтөөрүн маалымдаган Венкатараман, АКШдан Стамбулга чоң соода делегациясын алып келе тургандарын айтты.

Венкатараман иш-чарада АКШ менен Түркиянын ортосундагы соода карым-катнаштарын фирмалардын ортосундагы конкреттүү байланыштар аркылуу кеңейтүүнү үмүт кылгандарын билдирди.

Түркия экспортчулар ассамблеясынын (TİM) маалыматына караганда, өткөн жылы Түркиядан АКШга 16,9 миллиард долларлык экспорт жасалган. АКШдан импорттун көлөмү болсо 15,2 миллиард долларды түздү.



Тектеш кабарлар