Түндүк Корея эки даана баллистикалык ракетасын учурду

Ракеталардын жергиликтүү убакыт боюнча саат 11.43 менен 11.53 ортосунда борбор калаа Пхеньяндын Сунан районуна жакын жерден учурулганы маалымдалды.

2036717
Түндүк Корея эки даана баллистикалык ракетасын учурду

Япония менен Түштүк Корея Түндүк Кореянын Япон деңизине (Чыгыш деңизине) карай баллистикалык ракетасын сынаганын билдиришти...

Түштүк Кореянын Башкы штабы, Түндүк Кореянын Япон деңизине карай эки даана кыска аралыкка жетүүчү баллистикалык ракета учурганын жарыялады.

Ракеталардын жергиликтүү убакыт боюнча саат 11.43 менен 11.53 ортосунда борбор калаа Пхеньяндын Сунан районуна жакын жерден учурулганы маалымдалды.

Япон өкмөтү да ракеталардын Япониянын өзгөчө экономикалык аймагынын сыртына түшкөнүн жана аймактагы аба жана деңиз элементтерине эч кандай зыян келтирилбегенин жарыялады.

Япониянын министрлер кабинетинин башкы катчысы Мацуно Хироказу, ракета сыноосун айыптады жана Япониянын Пекиндеги элчилиги аркылуу Түндүк Кореяга нааразылык нотасы жиберилгенин билдирди.

Сыноолордун Түндүк Кореянын лидери Ким Чен Ындын Орусияда президент Владимир Путин менен жолугушуп жаткан маалда өткөрүлгөнү көңүлдү бурду.



Тектеш кабарлар