Евробиримдиктен орусиялык жеке адамдарга жана уюмдарга каршы санкциялар

Европа Биримдиги Кеңеши билдирүү жасады.

2036998
Евробиримдиктен орусиялык жеке адамдарга жана уюмдарга каршы санкциялар

Европа Биримдиги (ЕБ) орусиялык жеке адамдарга жана уюмдарга киргизген санкцияларды 6 айга узартуу чечимин чыгарды.

Европа Биримдиги Кеңешинин билдирүүсүндө, Украинанын жеринин бүтүндүгүн жана эгемендигине коркунуч келтиргендерди бутага алган жеке чектөө чараларынын дагы 6 айга узартылышына чечим чыгарылганы белгиленди.

1800гө жакын адам жана уюмга карата саякатка тыюу салуу, активдерди тоңдуруу, акча же экономикалык ресурстарды которууга тыюу салууларды камтыган санкциялардын 2024-жылдын 15-мартына чейин узартылганы маалымдалып, бул санкциялардын көбүнүн Украинадагы согуштан улам киргизилгени эске салынды.

Билдирүүдө, баалоонун жыйынтыгында 4 кишини болсо санкциялык тизмеден чыгаруу чечими кабыл алынганы айтылды.

Бул адамдардын жана уюмдардын көбү Орусия 2022-жылдын 24-февралында Украинага кол салгандан кийин санкциялык тизмеге киргизилген.

Евробиримдик согуштан улам Орусияга каршы 11 санкция пакетин ишке ашырды.

Ушул алкакта Орусияга соода, каржы, мунай жана көмүр энергетика, өнөр жай, технология, транспорт, кымбат баалуу буюмдар менен бирге алтында да камтыган кеңири чектөөлөр киргизилген.



Тектеш кабарлар