АКШ Түндүк Корея Россияга  курал берүүгө макул боло турган болсо «керектүү кадамдарды жасоодон тарты

Россиянын президенти Путин бүгүн өлкөсүнө келген Түндүк Кореянын лидери Ким менен Россиянын Амур аймагындагы Востончний космодромунда жолугушту.

2036787
АКШ Түндүк Корея Россияга  курал берүүгө макул боло турган болсо «керектүү кадамдарды жасоодон тарты

Америка Кошмо Штаттары  Түндүк Корея Россияга  курал берүүгө макул боло турган болсо «керектүү кадамдарды таштоодон тартынбай тургандыгын» билдирди.

АКШнын Мамлекеттик департаментинин басма сөз катчысы Мэтью Миллер борбор шаар Вашингтондо өткөргөн маалымат жыйынында журналисттердин суроолоруна жооп берди.

Түндүк Корея менен Россиянын ортосунда кандайдыр бир курал - жарак өткөрүлүшүнүн Бириккен Улуттар Уюмунун Коопсуздук Кеңешинин көптөгөн чечимдерин  бузулган болорун айткан   Миллер, АКШнын бул темадагы позициясынын ачык экенин баса белгиледи.

Миллер Түндүк Кореянын лидери Ким Чен Ындын Россияга карата сапарына байланыштуу : "Биз эмне болуп жаткандыгын изилдейбиз",- деди. 

Орус жооптууларынын Пхеньян менен Түндүк Кореяга карата киргизилген санкциялардын жоюлушун талкуулай ала турганы жөнүндөгү билдирүүлөрүнө да токтолгон Миллер Россиянын БУУнун Коопсуздук Кеңешинин санкцияларын бир тараптуу жойо албай тургандыгына көңүлдөрдү бурду. 

АКШнын коргоо министрлиги (Пентагон)  катчы, генерал Патрик Райдер да берген билдирүүсүндө Түндүк Кореянын лидери Ким  - Россиянын президенти Владимир Путиндин  жолугушуусунун "куралк елишими тууралуу болуу ыктымалынын" бар экендигин белгиледи. 

Түндүк Кореяны Россияга курал бербөө боюнча алган милдеттенмелерин аткарууга чакырган Райдер мунун Украинадагы «керексиз согушту узартуудан башка эч нерсеге жарабай тургандыгын» белгиледи.

Россиянын президенти Путин бүгүн өлкөсүнө келген Түндүк Кореянын лидери Ким менен Россиянын Амур аймагындагы Востончний космодромунда жолугушту.

 



Тектеш кабарлар