Скопье декларациясы

Түндүк Македониянын борбор шаары Скопияда  болгон Брдо - Брижуни процессинин алкагындагы жыйынга катышкан лидерлер биргелешкен Скопье декларациясын кабыл алышты.

2036190
Скопье декларациясы

Түндүк Македониянын борбор шаары Скопияда  болгон Брдо - Брижуни процессинин алкагындагы жыйынга катышкан лидерлер биргелешкен Скопье декларациясын кабыл алышты.

Балкандагы аймактык кызматташтыкты арттыруу максатында башталган Брдо-Брижуни процессинин алкагындагы жолугушууга Түндүк Македониянын президенти Стево Пендаровский, Словениянын президенти Наташа Пирк Мусар жана Хорватиянын президенти Зоран Миланович катышты.

Жыйынга коноктордон тышкары Сербиянын президенти Александр Вучич, Косовонун президенти Вйоса Османи, Албаниянын президенти Байрам Бегай, Черногориянын президенти Яков Милатович, Босния - Герцеговинанын Президенттик кеңешинин бошняк мүчөсү Денис Бесирович, хорват мүчө Зелко Комшич жана серб мүчөсү Зелжка Цвиянович да катышты.

Түндүк Македониянын президенттиги тарабынан жасалган билдирүүгө ылайык, жолугушуудан кийин англис тилиндеги текст боюнча макулдашылган декларацияда Батыш Балкандардын Европа Биримдигине интеграция процессин тездетүүнүн маанилүүлүгү, климаттын өзгөрүүнүн таасирине көнүү жана Батыш Балкандан жаштардын миграциясын алдын алуу менен коомдордун жандуулугун камсыздоо боюнча чараларды талкуулоонун мааниси баса белгиленди.

Ошондой эле декларацияда : "Россиянын Украинага каршы уланып жаткан агрессиясын жана анын Батыш Балкандарга тийгизген таасирин эске алып, Батыш Балкандардын бир бөлүгү болгон күчтүү, туруктуу жана камтуучу  Европа Биримдигинин  зарылдыгын дагы бир жолу кайталайбыз",- деп айтылды.

Лидерлер ошондой эле өз ара ишенимдин, түшүнүү жана чечиле элек эки тараптуу маселелерди тынчтык жана туруктуу чечүүчү жол  атмосферасын түзүү үчүн биргелешип иштөөгө убада беришти.

 



Тектеш кабарлар