Путинден Карабах билдирүүсү

Владимир Путин айтымдарды четке какты.

2036263
Путинден Карабах билдирүүсү

Орусиянын президенти Владимир Путин Армения башкаруучулугунун Азербайжандын Карабахтагы эгемендигин кабыл алганын айтты.

Армениянын АКШ менен аскердик машыгуусунан кийин Владимир Путин, Армения көптөн берки өнөктөшү Орусия менен мамилесин үзүп жатат деген айтымдарды четке какты.

Путин өз билдирүүсүндө: «Армян администрациясы (2022-жылдын октябрь айында) Чехиянын борбору Прагада кол койгон документ менен 1991-жылдагы чек араларды кабыл алганын жарыялап Карабахтын Азербайжандын бир бөлүгү экенин тааныды»,- деди.

Путин: «Эгер Армения Азербайжандын Карабахтагы эгемендигин тааныса, Карабахтын статусун талкуулоонун эч кандай пайдасы жок. Карабахтагы кырдаалды Ереван өзү чечти»,-деп айтты.

Орус лидери Армения менен эч кандай проблемасы жок экенин баса белгилеп: «Армениянын премьер-министри Никол Пашинян менен эч кандай көйгөйүбүз жок, биз аны менен дайыма байланыштабыз»,- деди.

Ереван Москваны Армениянын жана Тоолуу Карабах чөлкөмүндөгү этникалык армян калкынын алдындагы милдеттенмелерин аткарбай жатат деп айыптоодо.



Тектеш кабарлар