Мароккодогу жер титирөөдөн каза болгондордун саны 2 миң 862ге жетти
Марокконун Ички иштер министрлиги, жер титирөө тууралуу маалыматтарды бөлүштү.
2036124
Мароккодогу жер титирөөдөн каза болгондордун саны 2 миң 862ге, жаракат алгандардын саны 2 миң 562ге жеткени билдирилди.
Марокконун Ички иштер министрлиги, 8-сентябрга караган түнү болгон жер титирөөгө байланыштуу учурдагы маалыматтарды бөлүштү.
Министрликтин билдирүүсүндө, 7 баллдык жер титирөөнүн кесепетинен каза болгондордун саны 2 миң 862ге, жаракат алгандардын санынын 2 миң 562ге жеткени белгиленди.
Мароккодо 8-сентябрга караган түнү күчү 7 баллга жеткен жер титирөө болуп, эпицентри Марракештин Эль-Хуз аймагында катталган.
Жер титирөөдөн Марракештен тышкары борбор шаар Рабат менен Касабланка, Мекнес, Агадир жана Фес шаарлары да таасирленген.