Ким Чен Ын Орусияга барат

Ким Чендин Владивостокто өтө турган Чыгыш экономикалык форумуна катышары болжолдонууда.

2035874
Ким Чен Ын Орусияга барат

Түндүк Кореянын лидери Ким Чен Ындын президент Владимир Путиндин чакыруусу менен Орусияга бара турганы кабарланды.

Түндүк Кореянын расмий маалымат агенттигинин (KCNA) билдиргенине караганда, Ким Чен “жакында” Орусияга барат.

Жери жана убакыты тууралуу маалымат берилбеген сапарда, Ким Чен Владимир Путин менен жолугушат.

Бир тараптан Түштүк Кореядагы Йонхап кабар агенттигинин Түштүк Кореянын жогорку даражалуу өкмөт өкүлүнө таянган кабарына караганда, Ким Чен Ынды ташыган поезд жолго чыкты.

Атайын брондолгон поезд менен ишке ашыра турган сапарынын болжол менен 20 саатка созулушу күтүлгөн Ким Чендин Владивостокто өтө турган Чыгыш экономикалык форумуна катышары болжолдонууда.

Ким Ченге чейин Түндүк Кореянын лидери болгон Ким Чен Ир да учак фобиясынан улам 17 жылдык кызматында дайыма поезд менен саякаттап келген.

Кытай менен Орусияга поезд менен барган атасы 2011-жылы поездде жүрөгү кармап каза болгон.

The New York Times гезитинин америкалык кызматкерлерге таянып берген кабарында, Түндүк Кореянын лидери Кимдин ушул айда Орусияга бара турганы жана Путин менен "Украинадагы согушта Москваны көбүрөөк курал-жарак менен камсыз кылуу жана ар түрдүү чөйрөлөрдө аскердик кызматташуу мүмкүнчүлүктөрүн талкуулай турганы" жазылган.



Тектеш кабарлар