Карабакта провокация аракети
Азербайжандын Коргоо министрлигинен берилген маалыматта мыйзамсыз армян күчтөрүнүн Хожавенд облусунда нөөмөттө турган азербайжандык аскерлерге карата алыстан башкарылуучу колго жасалган бомба ташыган ит жөнөткөнү белгиленди.
Карабактагы мыйзамсыз армян күчтөрүнүн бомба ташыган ит менен азербайжандык аскерлерге каршы провокация жасоого аракет кылганы билдирилди.
Азербайжандын Коргоо министрлигинен берилген маалыматта мыйзамсыз армян күчтөрүнүн Хожавенд облусунда нөөмөттө турган азербайжандык аскерлерге карата алыстан башкарылуучу колго жасалган бомба ташыган ит менен террордук акт жасоого аракет кылганы белгиленди.
Бомба ташыган иттин азербайжандык аскерлер тарабынан кармалып, бомба жабдыгы зыянсыздандырылды деп белгиленди.
Билдирүүдө, «Биз кээ бир кадимки куралдарды колдонууга тыюу салуу же чектөө жөнүндө Конвенциянын миналарды, тузактарды жана башка түзүлүштөрдү колдонууга тыюу салуу же чектөө жөнүндө протоколуна карама-каршы келген бул аракетти кескин айыптайбыз. Жаныбарларды өлтүрүү максатында колдонуу бул адеп-ахлаксыз акт жана биз муну террордук акт деп эсептейбиз»,деген сөздөр камтылган.
Тектеш кабарлар
АКШдан Украинага 2 миллиард долларлык жардам
Украинага барган Блинкен Киевди колдоо боюнча комментарий берди.
Газада каза болгондордун саны 35 миң 233кө жетти
Израилдин Газа тилкесине 222 күндөн бери улантып жаткан кол салуулары тууралуу маалымат берилди.