Грецияда селден каза болгондордун саны 15ке жетти

Кырсык болгон аймакка барган премьер-министр Кириакос Мицотакис суу ташкынынан келип чыккан зыяндын ордун толтуруу үчүн Европа Биримдигине (ЕБ) кайрыла турганын билдирди.

2035540
Грецияда селден каза болгондордун саны 15ке жетти
yunanistan sel.jpg

Грецияда селден каза болгондордун саны 15ке жетти.

Климат кризиси жана жарандык коргоо министрлигине караштуу Өрт өчүрүү кызматынын билдирүүсүнө караганда шейшемби күнү нөшөрлөгөн жамгыр менен башталган сел апаатынын кесепетинен каза болгондордун саны 15ке жетти.

Кырсык болгон аймакка барган премьер-министр Кириакос Мицотакис суу ташкынынан келип чыккан зыяндын ордун толтуруу үчүн Европа Биримдигине (ЕБ) кайрыла турганын билдирди.

Мицотакис, Ларисадагы кризистик борбордо жасаган билдирүүсүндө, мамлекет суу ташкынынан жабыркагандарга сөзсүз түрдө жардам берээрин айтып: «Шейшемби күнү эртең менен мен өкмөттүк делегация менен Страсбургга барам жана ЕБ Комиссиясынын премьер-министри (Урсула фон дер Ляйен) менен жолугуп, бул чоң кырсык менен күрөшүүгө карай олуттуу каржылык колдоо ала алышыбыз үчүн Европанын биздин өлкөнү кантип колдой аларын сүйлөшөм»,-деди.

Селден жапа чеккендерге мамлекет тарабынан каржылык колдоо көрсөтүлөрүн билдирген Мицотакис, калктын саламаттыгын коргоо үчүн бир катар чаралар көрүлө турганын белгиледи.

Мицотакис апаат аймагында Батыш Нил вирусу учурларынын да бар экенин, Саламаттыкты сактоо министрлигинин курт-кумурскалар жана зыянкечтер менен күрөшүү боюнча да изилдөө жүргүзө турганын айтты.

Ошол эле учурда жергиликтүү басма сөздүн маалыматына караганда, селден жабыркагандар Ларисада премьер-министр Мицотакиске каршы акция уюштурушту.

Чогулгандарды таратуу үчүн полиция калемпир газын чачты.

Милиция менен активисттердин ортосунда чыккан мушташта 9 милиция кызматкери жаракат алып, 20дан ашуун активист кармалган.



Тектеш кабарлар