Лула да Силвадан Түркия менен алакаларды жандандыруу үчүн билдирүү
Лула да Силва Эрдоган менен жолугушуусунун көрүнүштөрүн X социалдык медиа эсебинен бөлүштү.
Бразилиянын президенти Луис Инасиу Лула да Силва, Чоң жыйырмалыктын лидерлер саммитинин алкагында Индиянын борбор шаары Нью-Делиде президент Режеп Таййип Эрдоган менен жолугушуусунан кийин Түркия менен карым-катнаштарынын жандана турганын билдирди.
Лула да Силва Эрдоган менен жолугушуусунун көрүнүштөрүн X социалдык медиа эсебинен бөлүшүп: «Режеп Таййип Эрдоган менен эки тараптуу жолугушуумда ташталган Бразилия-Түркия өнөктөштүгүнүн кайра жанданышын талкууладык. Ошондой эле эки өлкөнүн ортосундагы соода көлөмүнүн көбөйүшү, коргонуу тармагындагы кызматташтык жана дүйнөдө тынчтык болушуна болгон үмүт тууралуу сүйлөштүк»,-деп айтты.
Тектеш кабарлар
Махмуд Аббас палестиналыктарга тынчсызданууда
Аббас Сауд Арабияда өткөн Эр-Рияд экономикалык форумунун атайын сессиясында сөз сүйлөдү.