Педро Санчез Жаңы Делиде боло турган Чоң жыйырмалыктын саммитине катышпайт

Жаңы типтеги коронавирус тести оң чыккан испаниянынпремьер- министри Педро Санчез 9 – 10 -сентябрда Жаңы Делиде боло турган Чоң жыйырмалыктынсаммитине катышпайт.

2034787
Педро Санчез  Жаңы Делиде боло турган Чоң жыйырмалыктын саммитине катышпайт

Жаңы типтеги коронавирус тести оң чыккан Испаниянын премьер- министри Педро Санчез 9 – 10 - сентябрда Жаңы Делиде боло турган Чоң жыйырмалыктын саммитине катышпайт.

G-20 саммитине катышуу үчүн кечээ Ковид-19 тестинен өткөн премьер-министр Санчестин тестинин жыйынтыгы оң болгондугу жарыяланды.

Премьер-министрлик булактарынан испан басма сөзүнө берилген маалыматта Санчестин ден соолугунун жакшы экени жана Мадриддеги резиденциясында ишин уланта турганы белгиленди. Санчестин 9-10-сентябрда Жаңы Делиде өтө турган Чоң жыйырмалыктын саммитине катышпай турганы айтылды.

Саламаттыкты сактоо мекемелеринин маалыматына ылайык, Испанияда 21-27-август күндөрү 508 миң 744 Ковид-19 тести сатылды. Эки ай мурункуга салыштырмалуу Covid-19 тесттик сатууларында 500 пайызга өсүш болду.



Тектеш кабарлар