Грецияда болгон селде 4 киши каза болду

Грецияда 5 - сентябрдан бери нөшөрлөп жаап жаткан  жамгырдан улам болгон селде каза болгондордун саны 4кө жетти.

2034451
Грецияда болгон селде 4 киши каза болду

Грецияда 5 - сентябрдан бери нөшөрлөп жаап жаткан  жамгырдан улам болгон селде каза болгондордун саны 4кө жетти.

Грециянын өрт өчүрүү кызматынын билдирүүсүнө караганда, Волостун түштүгүндөгү Фарсалага жакын Петротодо ташкындаган дарыядан  бир кишинин сөөгү табылды.   5-сентябрда 1 адам, 6-сентябрда 2 адам каза болгон селден каза болгондордун жалпы саны 4кө жетти.

Айрыкча Кардича аймагында суунун көтөрүлүшүнө байланыштуу көптөгөн адамдар үйүнүн чатырына чыгып, жардам күтө башташты. 

Аймактын көптөгөн айылдарын суу каптады. Издөө - куткаруу топторунан тышкары Куралдуу күчтөрдөн да жардам  суралды. Аймактын тургундарын куткаруу үчүн бийликтен тик учак талап кылынды.

Грециянын Улуттук метеорология башкармалыгынын директору Теодорос Колидас 5 - сентябрдан бери күчөгөн жана кээ бир аймактарда селге себеп болгон жамгырдын Греция үчүн 50 -1 00 жылда бир боло турган катуу жаан экендигин айтты.

Мындай катуу жамгырдын 1955 - жылы Волосто болуп, 27 кишинин каза болушуна себеп болгондугун,  1887 - жылы да ушундай катуу жамгырдын  болгонун эске салган Колидас : «Мындай катуу жамгыр абдан сейрек кездешет. Грецияда 50 - 100 жылда бир болот",- деди. 



Тектеш кабарлар